24.02.2020 12:34
Бишкекте жол кырсыгы катталып, 10 киши жабыркады
Бүгүн, 23-февралда болжол менен саат 08:10дө Калык Акиев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа жана кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы болду.
Кайгуул милициясынан билдиришкендей, 26 жаштагы А.Т. аттуу жаран айдаган Mazda Demio унаасы Калык Акиев көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, Москва көчөсүндө Mercedes Sprinter унаасын сүзгөн.
Жол кырсыгынан 10 адам жабыркаган. Алардын бешөө Улуттук госпиталга, дагы беш жаран №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Бул жол кырсыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: