18.02.2019 10:14

Бишкекте жол кырсыгынан улам айдоочу каза таап, жүргүнчү аял оор абалда ооруканага түштү

Бишкекте жол кырсыгынан улам айдоочу каза таап, жүргүнчү аял оор абалда ооруканага түштү

Бишкекте жол кырсыгынан улам айдоочу каза таап, жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.  

Маалыматка караганда авария 17-февраль күнү, сат 8:00 чамасында Ден Сяопин көчөсүндө болгон. 

«34 жаштагы Т.А. унааны башкара албай калып, машина жол жээгиндеги мамыны сүзгөн. Алган жарааттарынан улам айдоочу кырсык болгон жерде каза тапкан. Ал эми, 39 жаштагы М.А. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды», -деп билдиришти мекемеден. 

Айрым маалыматтарга караганда, кырсыкка кабылган жүргүнчү аял - «Битва моделей» теле долбоорунун уюштуруучуларынын бири  Асель Мамбеткалиева. Учурда анын абалы оор экени айтылат.