28.06.2019 15:40

Бишкекте жол тескөөчүлөр киши сүзүп качып кеткен айдоочуну кармашты

Бишкекте жол тескөөчүлөр киши сүзүп качып кеткен айдоочуну кармашты

Бишкекте жол тескөөчүлөр киши сүзүп качып кеткен айдоочуну кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 4:30 чамасында белгисиз унаадагы киши Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна азият улутундагы кишини жеткирип, өзү качып кеткен. 

«Алынган жаракаттарынан эркек киши каза тапты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ВАЗ 21074 унаасын, кийин 31 жаштагы айдоочуну кармашты. Унаа айып жайга токтотулду. Материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», — дешти ЖКККБдан.