16.04.2020 12:32

Бишкекте жүк ташуучу унаа патрулдук автомобилди сүзүп, оодарылып кетти

Бишкекте жүк ташуучу унаа патрулдук автомобилди сүзүп, оодарылып кетти

Бишкекте жүк ташуучу унаа патрулдук автомобилди сүзүп, оодарылып кетти. Кырсыктын видеосун жарандык активист Болот Ибрагимов өзүнүн Facebook-баракчасына жүктөгөн.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, жошл кырсыгы бүгүн, 16-апрелде болжол менен саат 07:00 чамасында Лермонтов жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүз берген. «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичиавтобус менен патрулдук машина сүзүшкөн. Милицияга таандык унаа блокпостто турган.