15.06.2018 11:36

Бишкектеги айт намаз кандай өттү

Бүгүн дүйнөдөгү мусулмандар ыйык Орозо айт майрамын белгилешүүдө. Кыргызстандын борбор шаарындагы эски аянтка он миңдеген адамдар жыл сайын болчу айт намазына топтолушту. Жалпы мусулмандарды Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков куттуктады. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев менен Бишкектин мэри Албек Ибраимовдор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Зыярат учурунда борбордук жолдордогу унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барды.