31.05.2018 09:50

Бишкектеги базарлардын биринен товар уурдаган аялдар кармалды

Бишкектеги базарлардын биринен  товар уурдаган аялдар кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери уурулук кылган кыздарды кармады. Бул туурасында калаа ИИББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Свердлов райондук ИИБсына шаардагы базарлардын биринде иштеген аял кайрылып, 70 миңдин товарын акырын кымырып кеткен адамдарга карата чара көрүүнү  суранган.
 

Бул факт боюнча 164-берене («Уурулук») менен иши козголгон. 
Ыкчам-иликтөө иштеринен соң, Бишкек шаардык ИИББнын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адамдар кармалды. Алардын бири  Б.К. аттуу жаран 41 жашта.  Дагы бири К. кызы Ж.

Кармалгандар мындан башка да уурулук иштерге катыштыгы бар экени аныкталды. Шектүүлөр үй камагына алынып, тергөө уланууда.