07.10.2019 15:11

Бишкектеги карызга акча берген автоматтар канчалык мыйзамдуу?

Бишкектеги карызга акча берген автоматтар канчалык мыйзамдуу?

Буга чейин соцтармактарда Бишкекте карызга акча берген автоматтар пайда болгону тууралуу маалымат чыккан. Анда соцтармак колдонуучулары бул компаниянын ишмердүүлүгүнүн канчалык мыйзамдуу экенине кызыгышкан. April.kg кабарчысы автоматтарды тейлеген «Акчамат» компаниясына кошумча маалымат алуу үчүн кайрылды.

Уюмдан билдиришкендей, мындай автоматтар Бишкекте ушул жылдын апрель айынан тартып иштеп жатат. Карызга акча алуу үчүн компаниянын кеңсесине барып, келишим түзүүнүн кереги жок. Болгону терминал аркылуу тутумга катталыш керек.

«Терминалга жакын келсе, ал адамды сүрөткө тартып алат. Сүрөттү паспорттун сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү менен салыштырышат. Андан кийин манжа изи менен киши келишимге кол коет», - деп билдирди компания кызматкери.

Белгилей кетсек, буга чейин ушуга окшогон кызмат Казакстанда иштеп баштаган. Кошуна мамлекетте ал «Акшамат.KZ» деп аталат. Бул эки компания өз ара байланыштабы деген суроого кызматкер «мындай маалыматта компания жетекчилиги гана бере алат» деп тим болду.

April.kg. кабарчысынын «аталган компаниянын Кыргызстандын Улуттук банкы менен келишими барбы?» деген суроосуна да жооп болгон жок.

Улуттук банк бул боюнча комментарийди жакынкы сааттарда берүүнү убадалашты.