13.04.2018 09:10

Бишкектеги Ош базарында кайрадан өрт чыкты

Бишкектеги Ош базарында кайрадан өрт чыкты

Бишкектеги Ош базарында кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу  April.kg порталына күбөлөр билдиришти. Божомолдуу маалымат боюнча, өрт «Берекет гранд» соода борборунун жанында чыккан.

Жалын чыкканы тууралуу билдирүү өрт өчүрүүчүлөргө таңкы саат 4.00тө келип түшкөн. ӨКМден April.kg порталына өрт чыккан жерде 17 өрт өчүрүүчү бригада  иштеп жатканын маалымдашты.  

Ош базарынын аймагын милиция курчап турат. 

«8.00го карата алынган маалымат боюнча базардагы өрттөн жабыркагандар жок. Өзгөчө кырдаал орун алган жерде тез жардам кызматынын реанимациялык бөлүмү күзөттө турат», - деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан. 

Эскерте кетсек, 30-январдан бери аталган базарда ушуну менен 3-жолу ири өрт чыгууда.