Бишкектеги поликлиниканын дарыгерлери коронавирус жугузуп алганын штаб эми гана тастыктады

Бишкектеги поликлиниканын дарыгерлери коронавирус жугузуп алганын штаб эми гана тастыктады

Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкеринде вирус тастыкталганын коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб эми гана айтып чыкты.

Маалыматка караганда, алар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды.

Буга байланыштуу, Үй-бүлөлүк медициналык борбордо дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Дезинфекциялык иш-чаралар аяктаганга чейин, №17 ҮМБда каттодо турган жарандар Ленин районунун бириктирилген ҮМБсына кайрыла алышат.

“Оору жуктуруп алган 116 медициналык кызматкердин ичинен 36сы дарыгер, калганы кичи жана орто медициналык персонал жана башка кызматкерлер”, – вице-премьер министр А.Исмаилова.

Бирок Республикалык штаб жана вице-премьер-министр №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун калган кызматкерлери эмнеге обсервацияга жаткырылган жок экенин айтышкан жок. Анткени алардын баары COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон.

Бүгүн, 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру аныкталды. СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 489 кишиге жетти. Ичинде 116сы медицина кызматкерлери.

  • Стационарда – 370
  • Реанимацияда – 4
  • Ооруканадан чыгарылды – 114
  • Каза тапты – 5

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын 1-мартында Кыргызстанда элдин жалпы саны 6 миллион 542 миң адамга жетти.