09.05.2019 16:05

Бишкектеги "Өлбөс полк" жөө жүрүшү кандай болуп өттү? (видео)

Бишкектеги "Өлбөс полк" жөө жүрүшү кандай болуп өттү? (видео)

Мындан туура 74 жыл мурун, 15 Республиканын башын бириктирген СССР фашисттик германиянын желегин кулатып, эл күткөн жеңишти камсыздаган. Азыркы муундун өкүлдөрү бүгүнкү тынчтык үчүн, маалында согуш отун кечкен ардагерлердин эрдигин эсинен чыгарбашы керек.

Согушта жана андан келгенден кийин көзү өтүп кеткен ардагерлердин жакындары бүгүн жөө жүрүшкө чыгышты. "Өлбөс полк" 2014-жылы болгону миң адамды топтой алса, бүгүн келгендердин саны 80 миңге жеткени айтылып жатат. Ар бир катышуучу ардагердин сүрөтүн сыймыктануу менен көтөрүп, алты чакырымдан ашуун аралыкты жөө басып өттү.