Бишкектен дагы үч медицина кызматкери коронавирус жугузуп алды

Бишкектен дагы үч медицина кызматкери коронавирус жугузуп алды

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын баары Бишкек шаарында. Бул туурасунда саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 175 учур катталды.

Бүгүн, 25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясына 9 киши чалдыккан.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463.

Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат. COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 665 кишиге жетти. Ичинен 312 киши бейтапканада, 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Коронавирустан бугүнкү күнгө карата 345 жаран айыгып чыкса, 8 киши илдеттен көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.