Бишкектен Нарынга коронавирус менен күрөшүүгө медициналык адистер жөнөтүлдү

Бишкектен Нарынга коронавирус менен күрөшүүгө медициналык адистер жөнөтүлдү

Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, борбор калаадан 14-майда медициналык адистердин эсеп боюнча тогузунчу тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлайт.

“Ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген, алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда 152 киши илдетти жуктурап алган. Жалпысынан республика боюнча илдетке чалдыккандардын саны 1082 киши болду. Ичинен 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 12си көз жумган.