Бишкектик таксист бүт үй-бүлө мүчөлөрүнө коронавирус жугузган. Ичинде небереси дагы бар

Бишкектик таксист бүт үй-бүлө мүчөлөрүнө коронавирус жугузган. Ичинде небереси дагы бар

Бишкек таксист болуп иштеген жаран коронавирус жугузган. Кийин анын бут үй-бүлө мүчөлөрү ооруп калышкан. Бул тууралуу калаа башчысы А.Суракматов билдирди.

Маалыматка караганда, 7-апрелге карата Бишкек шаарында коронавирус менен 25 адам ооруганы аныкталды. Бул 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан.

“Биринчи учур – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин – кошо ооруткан. Экинчи учур – башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган”, - дейт калаа башчысы А.Суракматов.

Айтымында бүгүнкү күндө борбор калаада 1756 жаран каттого алынган, ар биринен алгачкы анализдер алынып, алар обсервацияда же үй карантининде турат.

“Инкубациялык мезгил өткөн соӊ – 14 күндөн кийин алардан кайрадан анализ алынат, эгерде жыйынтыктары оорунун жок экенин көрсөтсө, анда алар көзөмөлдөн чыгарылат”, - деп билдирди Бишкектин мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, шаарда жалпысынан 1359 адам көзөмөлдөн чыгарылган.