05.04.2019 11:33

Бишкектин 5-кичирайонунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулаган өспүрүм каза тапты

Бишкектин 5-кичирайонунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулаган өспүрүм каза тапты

Бишкектин 5-кичирайонунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кулап кетти. Бул туурасында Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-апрель күнү болжол менен 21:50дө Октябрь райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кичирайондо көп кабаттуу үйдөн өспүрүм кулап түшкөнү тууралуу маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу жөнөтүлүп, алар барганда үйдүн жанынан 2007-жылкы Б.А. аттуу баланы көрүшкөн. Анын 7-кабаттан кулап кеткени белгилүү болгон.

Жерине «Тез жардам» унаасы чакырылып,  Б.А. эс-учун жоготкон абалда 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок, дарыгерлердин аракетине карабастан, өспүрүм эсине келбей каза болду. 

Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.