21.05.2018 10:38

Бишкектин айрым райондорунда 5 күн жаратылыш газы болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 5 күн жаратылыш газы болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 21-25 майда көгүлтүр от  берилбейт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, газды өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу. 

Газ төмөнкү райондордо жок болот: Жибек Жолу, Ала-Арча суусу, Чоң Чүй каналы, Курманжан Датка көчөлөрү менен чектешкен аймакта;

Орозбеков, 324 дарегинде, Т.Молдо, 247, Проскурякова, №№ 2, 4, 6, 8, 10, Щербаков көчөлөрүндө, Изюмский, Мариупольский кыска көчөлөрү №№ 4, 6, 8, 10, 19 дарегинде, Алтай, Миңбулак кыска көчөлөрүндө.

21-майдан 23-майга чейин Новопавловкада (Фрунзе, Корсаковдор, Ала-Арча, Пограничная көчөлөрүндө),  «Ала-Тоо» жаңы конушунда ( Көк-Кыя, Улук-Тоо, Западная көчөлөрүндө) газ өчөт.