06.04.2018 20:38

Бишкектин Чыгыш-5 районунда гараждар жок кылынууда

Бишкекте жаңы жол куруш үчүн Чыгыш 5 кичи районунун тургундарына таандык 300дөн ашык гаражды жок кылыш керек. Бирок шаар бийлигинин унаа коюучу жайынан айрылган жарандарга эч кандай сунушу жок. Демек, авто унаа ээлери темир тулпарларын балдар аянтына, район ичиндеги жолдорго токтотууга аргасыз болушат.

Бул жер тилкеси Советтер учурунда айдоочулар бирикмесинин мүчөлөрүнө колдонууга берилген. 2007-жылы ижара мөөнөтү аяктаган соң, аны узартууга уруксаат берилген эмес.

Бул көрүнүш жол маселесин чечүүдө, экинчи көйгөй жаралды дегенди түшүндүрсө керек.