04.05.2018 11:45

Бийликтеги кадр туруксуздугу

"Бак бир жерден көгөрөт" деген сөз туруктуулукту ачыктайт. Бирок бул Кыргызстанда жүргүзүлгөн кадр саясатына туура келчүдөй эмес. Бийлик алмашуунун артынан жогорку кызматтагы мамлекеттик аткаминерлерди алмаштыруу салтка айланып баратат. Алсак, акыркы айда эле дайындалганына 10 күн өтпөй жатып, иштен айдалган учурлар катталды.