23.04.2020 12:05

Кадр саясаты: Сооронбай Жээнбеков кеңешчисин кызматтан алды

Кадр саясаты: Сооронбай Жээнбеков кеңешчисин кызматтан алды

Олег Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин аппараты билдирди.

Президенттин мурунку кеңешчиси кайсы кызматка которулганы айтылган жок.

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп 2019-жылы дайындалган.

Ал буга чейин экономика министри болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Панкратовдон сырткары Президенттин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева дагы кызматынан алынган.