23.04.2020 11:46

Кадр саясаты: Президент социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча аппаратынын бөлүм башчысын кызматынан алды

Кадр саясаты: Президент социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча аппаратынын бөлүм башчысын кызматынан алды

Президенттин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева кызматтан кетүү үчүн өз каалоосу менен арыз жазды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.

2018-жылы Ташпаева Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Кийин социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болгон.

Назгүл Ташпаеванын ордуна  Кудайберген Базарбаев  Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.