13.05.2020 11:29

Бизнес-омбудсмен: Бишкекке кирүү үчүн талап кылынган справкалар "кошумча бюрократия"

Бизнес-омбудсмен: Бишкекке кирүү үчүн талап кылынган справкалар "кошумча бюрократия"

Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин-Орд-Смит Бишкек шаарына кириш үчүн ишкерлерге коюлган талаптар тууралуу билдирүү жасап, аны “кошумча бюрократия” деп атады. Бул тууралуу ал өзүнүн расмий сайтында билдирген.

“Ишкерлер өз ишмердүүлүгүн калыбына келтирип, жумуш орундарын сактап калып, туруктуулугун камсыздоо менен алек болуунун ордуна уруксат кагаздарын чогултуп, сааттап кезекте турууга мажбур болуп жатышат. Салык кызматына мөөр бастыруу үчүн баргандар өтө көп топтолууда, бул вирустун жайылышына шарт түзөт”, - деп билдирет Робин-Орд-Смит.

Ошону менен катар бизнес-омбудсмен тийиштүү мамлекеттик органдарды ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп, тез арада көзөмөлдөө-өткөрүү системасын таптакыр алып салууга чакырды.

Эске салсак, коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 11-майдан тартып Бишкек шаарында уруксат берилген мекеме-жайларда иштегендердин колунда жумушунан маалымдама болушу зарыл, ал маалымдамада райондук салык кызматынын же акимчиликтин мөөрү болууга тийиш экенин билдирген. Ал эми жеке ишкерлердин колунда патенти болушу керек.