29.11.2019 11:18

Блогер Афтандил Жоробековду бошотуу талабы күч алууда

Блогер Афтандил Жоробековду бошотуу талабы күч алууда

Соцтармакта БеспределKGнин «Фейсбуктагы» баракчасынын администраторун колдоо максатында, «Мен/Биз Афтандил Жоробеков» флешмобу жарыяланды. Ошондой эле Change.org сайтында камакка алынган блогерди коргоо үчүн петиция түзүлдү.

Мындан сырткары, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары өз пикирлери менен бөлүшүп, коррупцияга каршы пикирин жазган жаранды камак коюуу – бийлик үчун чоң ката деп улам бири жазып чыгууда.

Эске салсак, Афтандил Жоробековду УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген айып коюлууда.

Блогердин бир тууган карындашы Чынара Темирова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасаган.