Болот Саткеев Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы кызматынан бошотулду

Болот Саткеев Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы кызматынан бошотулду

Болот Саткеев Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын  коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмүнөн кабарлашты.

Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Саткеев Болот Джантайбекович ээлеген кызматынан бошотулду.

 Белгиленгендей, бошотууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы сунушу негиз болгон.