23.12.2019 09:02

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт

СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына анын үй-бүлөсү билдирген.

Эске салсак, «кыргыз кереметинин» авторлорунун бири 21-декабрда 79 жашында дүйнө салды.

Болот Шамшиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде «Ак кеме», «Эрте келген турналар» тасмаларын тарткан.