Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт

Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт

Жеке менчик Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт. Бул тууралуу Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Ошондой эле пенсионерлер жана калктын социалдык аярлуу катмарлары ПЧР-анализинен акысыз өтө алат.

Ал эми андан тышкары мекеме-ишканалардын кызматкерлери акча төлөп, тест тапшырса болот.

Белгилей кетсек бүгүн, 25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясына 9 киши чалдыккан.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат. 

COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 665 кишиге жетти. Ичинен 174 киши медицина кызматкерлери.

Учурда 312 киши бейтапканада, жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 345 жаран айыгып чыкса, 8 киши илдеттен көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.