12.02.2020 09:00

Борбор калаадан табылган карышкыр 8 айлык бөлтүрүк экени белгилүү болду

Борбор калаадан табылган карышкыр 8 айлык бөлтүрүк экени белгилүү болду

Күн мурун, 11-февралда Бишкекте кармалган карышкыр «Бугу Эне» коомдук фондуна өткөрүлүп берилген.

Фонддон белгилешкендей, ал 8-9 айлык ургаачы карышкыр экен.

«Ал агрессивдүү эмес экен. Бирок тиштеп алышы мүмкүн. Өтө коркуп калган. Ал бөлтүрүк кезинен адамдын колунда багылып келген. Жоголуп кеткен болушу мүмкүн», — деп билдиришти фонддон.

Ветеринарлар ага седация жасап, текшерип, канын анализге алышты.

Эскерте кетсек, ал карышкыр борбор калаадагы №41 орто мектептин жанында табылган. Көп өтпөй жапайы жандыкты экологдорго тапшырып беришкен.

“Милициянын “102” номуруна кабар саат 12:00дө келип түшкөн. Токтоосуз жерине патрулдук милициянын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Алар шаар аралап кеткен карышкырды 40 мүнөттүн ичинде колго тшүрүшкөн”, - деп билдирет патрулдук милициянын басма сөз кызматы.