05.05.2020 16:06

Боронов: Жарандардан COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу-ашыкча

Боронов: Жарандардан COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу-ашыкча

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керек. Бул туурасында бүгүн Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан бекитилген текшерүү аракеттеринин алгоритмине ылайык көзөмөлдөөнү күчөтүү улантылышы шарт. Жарандардан COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандыктарга Ысык-Көл облусунун аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспесс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 - күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын баардыгына тиешелүү экени айтылган.

Жергиликтүү тургундар блокпостон 2400 сомдук экспресс-тесттен өтүүнү талап кылып жатышканын социалдык тармактарда айтып чыгышкан.