26.02.2020 10:38
Британ премьер-министринин атасы Кыргызстанды туристтерге жарнамалады
Британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө чакырыгы менен премьер-министр Борис Жонсондун атасы Стенли Жонсон «Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чарасында сөз сүйлөдү.
Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берип, британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга турист тартууга көмөктөшүүгө чакырды.
«Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чарасы Лондон шаарында өттү. Ал британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган. Иш-чараны Лондондогу кыргыз элчилиги жана Туризм департаменти уюштурган.
Стенли Жонсон 80 жашта, Европарламенттин мурдакы депутаты, учурда коомдук ишмер жана жазуучу.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: