24.03.2020 12:03

Бюджеттик мекемелердин иш тартиби өзгөрдү

Бюджеттик мекемелердин иш тартиби өзгөрдү

Бюджеттик мекемеде иштегендер аралыктан иштөө тартибине өтүштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында бул чара коронавирус коркунучуна байланыштуу кабыл алынды.

 “Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өлкө аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилине коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берилет”,- дейт вице-премьер-министр.

Эскерте кетсек, бийлик 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргип жатат. Тийиштүү жарлыкка президент кол коюп, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.