18.04.2020 15:18

Чүрпөсүн аёосуз сабаган ата кармалды, анын үч баласы бар

Чүрпөсүн аёосуз сабаган ата кармалды, анын үч баласы бар

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына баласына зомбулук көрсөткөн кыргыз жаранына мыйзамга ылайык чара көрүү тууралуу кат жөнөткөн.

Жыйынтыгында Москва шаарынын Кунцево районунун ички иштер бөлүмүндө бул факт катталды.

Учурда аймактык бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте бул фактыга юридикалык баа берүү үчүн териштирүү жүрүп жатат. Окуяга тиешеси бар кишилер сурак берип жатат. ИИМдин маалыматына ылайык, балага зомбулук көрсөткөн окуя 16-апрелде болгон. Бул үй-бүлө үч баланы тарбиялап жатканы, учурда жубайы кош бойлуу экени маалым болду.

Буга чейин милиция баласын сабаган жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну экенин, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткенин маалымдаган.

17-апрелде Интернеттеги социалдык түйүндөрдө болжол менен башталгыч класста окуган бала аёосуз токмок жеп жаткан видео тарап, окуя коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.

Ушул эле күнү Интернетте дагы бир видео тараган. Анда аты-жөнүн атабаган бирөө сыртта бир аял жана эркек кишинин жанында туруп "Жок нерсени ким чыгарып жиберди!? Мына, баланын апасы, атасы урушпай эле турат... Бирөөлөр жөндөн-жөн эле чыгарып жибериптир. Кыжаалат болбоңуздар. Бардыгы жакшы" деп айтып жатканын көрүүгө болот.