02.07.2018 08:30

Чүй облусунун айрым аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Чүй облусунун айрым аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Чүй облусунун айрым аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо көгүлтүр отун жок болот:  

—  2-6-июлда Сокулук айылынын Фрунзе жана  Молодежная көчөсүндө;

— 3-июлда Токмок шаарынын 1-кичирайонундагы №6,7 үйдө. 

Ремонт иштери керектөөчүлөрдү газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.