09.02.2020 13:54

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Бүгүн, 9-февралда Кыргызстандан Казакстанды көздөй өткөн жарандардын көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жекшембиде саат күндүзгү 10.00го карата миңден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кетти.

Мамлекеттик орган кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу экенин кабарлады.

“2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү "Кең-Булуң” жана "Токмок" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга келген жарандар көбөйгөн. 2020-жылдын 9-февралында кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй кайткан жарандар байкалууда”, - деп айтылат маалыматта.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлдү.