25.05.2018 09:36

Чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалап, акча алып жүргөн жаран кармалды

Чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалап, акча алып жүргөн жаран кармалды

ИИМ кызматкерлери жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурам деп алдап, акча алып жүргөн аялды кармашты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кылмышка шектүү катары колго түшкөн аял 24 жаштагы, К.М. аттуу жаран. Ал адамдардын ишенимине кирип, Корея өлкөсүнө мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруп берем деп, 2 жарандан 5,5 миң доллар алган. Бирок, анын КР жарандарын чет өлкөгө жумушка орноштурууга укук берүүчү лицензиясы жок болгон.

Бул факт боюнча 166-берене («Алдамчылык») жана 204-1 -берене («Мыйзамсыз миграция уюштуруу») менен кылмыш иши козголду.

Кармалган аял Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аялдын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.