Чет өлкөлөрдө жүргөн 20дан ашуун кыргызстандык коронавирус жуктуруп алышты

Чет өлкөлөрдө жүргөн 20дан ашуун кыргызстандык коронавирус жуктуруп алышты

Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб билдирет.

Алардын ичинен 3 БАЭде, Пакистанда – 7, Малайзияда – 4, Индияда – 1 жана Испанияда – 1.

Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 280 кишиге жетти.  Алардын төртөө каза болду. Оору жуктургандардын ичинен 34 адам медицина кызматкерлери.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.