26.06.2018 12:24

Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын дайынсыз жоголгон бир жүргүнчүсү табылды

  Чычканга түшкөн унаа (3 материала)
Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын дайынсыз жоголгон бир жүргүнчүсү табылды

Жол кырсыгынын кесепетинен дайынсыз жоголгон 2 адамдын бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

2018-жылдын 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктү тилкеси) Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 2018-жылдын 26-июнь күнү 06:35те КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып, унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган.

Учурда дагы 1 адамдын сөөгүн издөө иштери жүргүзүлүүдө.