17.04.2018 16:00

"Чыгыш-5" кичи районундагы жер талаш

Шаардык кызматтар "Чыгыш-5" кичи районунда жайгашкан гараждарды жок кылууга киришишти. Буга чейин, унаа токтоочу жайлар Токтогул көчөсүн Ош базарынан Шабдан баатыр көчөсүнө чейин улоо үчүн көчүрүлөөрү айтылган эле. Бирок гараждардын ээлери жерге болгон укуктарын коргоп, артка чегинүүгө каршы чыгышты. April.kg кабарчысы Канат Рыскулов жер чырынын так ортосуна барып келди.