21.05.2018 16:27

"Чоң-Капка" өткөрүү бекети аркылуу 100 миң куту тамекини аткезчилик жол менен чыгарып бараткандар колго түштү

"Чоң-Капка" өткөрүү бекети аркылуу 100 миң куту тамекини аткезчилик жол менен чыгарып бараткандар колго түштү

Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекетинен аткезчилик жол менен ташылып бараткан 100 миң куту тамеки кармалды. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

“Өлкөнүн чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен биргеликте “Бирлик-2018” чек ара операциясын жүргүзүшүп, Талас облусунун Манас районунда орун алган “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайынан тиешелүү документтери жок жүк менен бараткан Мерседес-Гигант үлгүсүндөгү унааны кармашты", -деп жазылат маалыматта. 

Текшерүү учурүнда унаадан жалпы баасы 5 миллион сомду түзгөн ар кандай маркадагы  100 миң куту тамеки табылган. Унаа Кыргызстандан чыгып,  Казакстан аркылуу Орусияга бармак. Чылым кутуларынын көпчүлүгүнө Тажикстандын акциздик маркасы чапталган. Жүктү коштоп бара жаткандардын жанында уруксаат берүүчү эч кандай документтер болгон эмес.  

"Аткезчиликке шектелип, 3 кыргыз жараны жана бир орус жараны кармалды. Тиешелүү документтер түзүлгөн соң жүк УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп жазылат билдирүүдө.