Чукул кабар! Коронавирус дагы 13 кишиден аныкталды. Жалпы саны 107 кишиге жетти

Чукул кабар! Коронавирус дагы 13 кишиден аныкталды. Жалпы саны 107 кишиге жетти

Бүгүн, 31-мартка карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Ага ылайык, жаңы учурлар Ысык-Көл облусунда дагы катталган. Бардыгы болуп илдетти жуктургандардын саны 107 кишиге жетти.

  • Бишкек ш. – 1
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • Чүй облусу – 1
  • Ош облусу – 5
  • Жалал-Абад облусу – 1


Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.