Чукул кабар! Коронавирустан бир бейтап каза тапты

Чукул кабар! Коронавирустан бир бейтап каза тапты

Күн мурун, 2-апрелде коронавирус илдетинен бир кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, бейтап Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Ал 61 жашта болгон.

“Бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. Бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды. Жалпысынан республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Ошондой эле, коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 5 киши сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.