25.01.2019 10:48

Чуңкурчак тоо-лыжа базасынан келаткан жол тандабас оодарылып кетип, унаа ээси каза тапты

Чуңкурчак тоо-лыжа базасынан келаткан жол тандабас оодарылып кетип, унаа ээси каза тапты

Арашан айылында Чуңкурчак тоо-лыжа базасынан түшүп келаткан жол тандабас оодарылып кетип, унаа ээси каза тапты. Бул тууралуу April.kg порталына Чүй Облустук ЖКККБ басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 24-январда саат 15:30да болгон.

«Lexus үлгүсүндөгү унаа лыжа базасына адамдарды жеткирип, кайра келаткан окшойт. Тайгак жолдо унаа ээси рулду башкара албай калып, 200 метрдей бийиктиктен ылдыйга учуп түшкөн. Унаанын ичинде жалгыз айдоочу болгон, ал жеринде каза тапты», — деп билдиришти ЖКККБдан.