31.05.2021 09:44

Чүй облусунда жылдын аягына чейин жаңы 9 социалдык объект колдонууга берилет

Чүй облусунда жылдын аягына чейин жаңы 9 социалдык объект колдонууга берилет

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырып келген КРнын Өкмөтү,  Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунда 2021-жылдын соңуна чейин саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 9 социалдык объект курулуп бүтүп, колдонууга берилет.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келүүдө.

Баардыгы болуп, долбоор тарабынан 37 чакан долбоорлордун сунуштары жактырылган.  Саламаттык сактоо обьектилерине фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты (ҮДТ), Кемин аймактык оорукананын инфекция бөлүмүнүн ремонту, Жайыл районундагы бириккен аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмү кирген. Ошондой эле бала бакча, каналдар, спорт залдары, жол четиндеги комплекстер ж.б. бар.

2019-жылы долбоордун алкагында 14 объект бүткөрүлгөн: 6 ФАПты, 2 спорт залды, ҮДТ имаратын, Будёнов атындагы орто мектептин от жагуучу бөлмөсүн, маданият үйүн ремонттоо, Кара-балта дарыясында суу дарбазасын реконструкциялоо, Закиров атындагы орто мектебинде жылуулук системасын, эшик терезелерди жаңыртуу, бала бакчанын капиталдык ремонту.

2020-жылы 14 обьект курулуп бүтүп, колдонууга берилди. Алар: Жайыл районундагы бириккен аймактык оорукананын реанимациялык бөлүмүнө кошумча бөлмө куруу, кабыл алуу бөлүмүнө кирүүчү эстакаданы, жол жээгиндеги комплексти, 50 орундуу 3 бала бакча жана 100 орундуу 3 бала бакчаны, 100 орундук башталгыч мектеп, ҮДТ имаратын, канализациялык системанын тазалоочу курулушун куруу жана 2 каналды ремонттоо.

Учурда долбоор тарабынан 9 чакан долбоор ишке ашырылууда. Алар: Р1, Р2, Р3 каналдарынын ремонту, 100 орундук 3 бала бакчанын курулушу, ГСВ №1 имаратын, жол жээгиндеги комплексти, спорттук зал жана ресурстук борбордун имаратын куруу жана Кемин аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүн оңдоп түзөө.

Долбоордун максаты - жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн. АКШ долларын түзөт.