08.06.2018 12:32

Чүй облусунда жүргүнчү ташыган поезд менен жүк ташыган унаа кагышты

Чүй облусунда жүргүнчү ташыган поезд менен жүк ташыган унаа кагышты

Чүй облусунун Беловодское айылында поезд менен ГАЗ -53 үлгүсүндөгү унаа кагышты. Бул  туурасында Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта : «2018-жылдын 8-июнь күнү саат 11:15 чамасында, алдын ала маалымат боюнча Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында эл ташыган поезд ГАЗ-53 үлгусүндөгү унааны сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу жабыркаган. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды райондук ооруканага жеткиришти», -деп айтылат.