29.08.2018 09:00

Чүй ОИИББ: Аялды өлтүрө сүзгөн россиялык аскер кызматкерин камаганга болбойт

Чүй ОИИББ: Аялды өлтүрө сүзгөн россиялык аскер кызматкерин камаганга болбойт

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын күнөөкөрү, Россиялык «Кант» аба базасынын аскер кызматкери кармалган жок. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматына таянып,  Vesti.kg жазып чыкты.  

Милициядан бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун, бирок, күнөөкөр дипломат макамына ээ болгондуктан, эркиндикте жүргөнүн билдиришти. «27-август күнү түнкү саат 00:25те Россиянын 29 жаштагы жараны Лебединовка айылындагы Жеңиш проспектиси менен келатып, эки адамды сүзүп алган. Бул боюнча 281-берене менен кылмыш иши козголду», -дешти ИИББдан.

Маалыматта, иш жакын арада Чүй облустук прокуратурасына, андан ары Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилери айтылат.

«Дипломатиялык мамилелер тууралуу Вена конвенциясына ылайык, дипломат макамына ээ адамдарга  иммунитет берилет. Ишти тийиштүү органдар карайт. Бизде аны камакка алуу укугу жок», - деп кошумчалашты облустук ИИББден. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Унаа айып пул төлөөчү жайда.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 27-август күнү түндө болгон. Россиялык аскер кызматкери 42 жаштагы аялды 3 жаштагы баласы менен коюп кеткен. Аял каза таап, бала Бишкектеги 3-балдар ооруканасына жеткирилген.