31.05.2018 11:22

Чүйдө жетим-жесирлер үчүн курулган үйдө эмдигиче электр энергиясы жок

Чүйдө жетим-жесирлер үчүн курулган үйдө эмдигиче электр энергиясы жок

Чүй облусундагы Искра жана Чүй айылдарында араб инвесторлору тарабынан жетим-жесирлер үчүн курулган үйлөр бар. Тилекке каршы, Мамэкотехинспекция кумдуу блоктордон курулуптур деген шылтоо менен, ушул кезге чейин аларды пайдаланууга уруксат бербей жатат. Бул маселени депутат Урмат Самаев бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында көтөрүп чыкты. 

.Депутат: «Араб инвесторлору тарабынан курулган үйлөргө уруксат бербей, Мамэкотехинспекция жетимдерден «бирдеме» үмүт этип калганбы?» деп нааразыланды. 

«Ошол үйлөр курула баштаганда Мамэкотехинспекция кайда жүрдү эле? Айылда эмес, ордо калаада деле көптөгөн үйлөр пескоблоктон курулуп жатпайбы, аларга ошол эле мекеме уруксат берген да. Менимче, көндүм өнөкөтүнө салып, алар жетим-жесирлерден акча алгысы келип жатат. Азыр анда жашаган жарандарыбыз уруксат албагандыктан, электр энергиясын тарта албай, жарыгы жок отурушат. Өкмөт бул маселени тезинен чечип, тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карашы керек», - деди эл өкүлү