28.05.2020 13:15

Айыпталуучу жок эле баш коргоо чарасын аныктап коюшкан. Акыйкатчы Д.Ажиевдин иши боюнча кабатыр

Айыпталуучу жок эле баш коргоо чарасын аныктап коюшкан. Акыйкатчы Д.Ажиевдин иши боюнча кабатыр

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасы А.Калыбаевдин наамына кайрылуу жолдоп, анда сот Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Д.Ажиевдин баш коргоо чарасын өзүнүн катышуусуз караган фактысы боюнча түшүндүрмө берүүнү сурады.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-майында КР Акыйкатчысы өз ыйгарым укуктарынын чегинде Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторуна барып, ал жерде Д.Ажиев менен жолугуп, сүйлөшкөн, ал өзүнүн катышуусу жок жана КР Жазык-процесстик кодексин бузуу менен ага карата баш коргоо чарасы 2 айга узартылганын айтып нааразы болгон эле.

Мындан тышкары, анын туугандары аны сот отурумуна алып келишкен жок, (баш коргоо чарасын кароо учурунда) себеби №1 тергөө абагында атайын контингент тарабынан сабалгандыктан, сот отурумуна келе алган жок деп тынчсызданышкан.

“Акыйкатчы Токон Мамытов менен баарлашууда Д.Ажиев №1 ТИЗОнун администрациясына да, режимге жана аны кармоо шарттарына каршы эч кандай даттануулары жок экендигин жана эч кандай зордук-зомбулук аракеттерине  кабылбаганын баса белгилеген”, - деп айтылат маалыматта.