Дагы 10 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алды

Дагы 10 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алды

Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирет.  

  • Нарын облусунда – 6
  • Ош облусунда – 2
  • Ош шаарында – 1
  • Бишкек шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 172 учур катталды. Ичинен 53 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Тактап айтсак: 18 дарыгер, 24 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.

Бүгүн, 24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учур катталды. Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккан жарандардын саны 656 кишиге жетти. Алар менен дээрлик 2 548 киши байланышта болушкан. Учурда 914 киши обсервацияга алынган. Ал эми бейтапканада 326 адам жатат. Ичинен 5 жарандын абалы оор, реанимацияда.

Ошол эле маалда бул илдеттен 322 бейтап сакайып,ю үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши оорудан көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.