Дагы 10 учур. Кыргызстанда коронавируска 280 киши чалдыкты

Дагы 10 учур. Кыргызстанда коронавируска 280 киши чалдыкты

Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка караганда, 10 кишинин ичинен экөөсү дарыгерлер.

  • Бишкекте – 1
  • Ош облусу, Ноокат районунда – 1
  • Ош ш. – 3
  • Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 4, Аксы району – 1 ) – 5
  • Жаӊы катталган учурлардын ичинен 2 медкызматкерде аныкталды. Алардын жалпы саны – 34.

Ошентип Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны 280 кишиге жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 86
  • Ош облусунда – 98
  • Чүй облусунда – 7
  • Баткен облусунда – 4
  • Ош ш. – 36
  • Бишкек ш. – 36
  • Нарын облусунда – 10
  • Ысык-Көл облусунда – 3
  • Медицина кызматкерлери жалпы: 34, жаӊы – 2 учур (Ош ш., Аксы району).


Катталган учурлардын ичинен: 147 –аял, 133 – эркек, жаӊы 10 учурдун ичинен 3 аял, 7 эркек.

COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдар – 6268 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):

  • Жакын байланыштар (I категория) – 1058
  • Башка байланыштар (II категория) – 5210

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.