Дагы 12 учур. Жалпысынан Кыргызстанда жугуштуу илдетке 228 адам чалдыкты

Дагы 12 учур. Жалпысынан Кыргызстанда жугуштуу илдетке 228 адам чалдыкты

Кыргызстанда коронавирустун дагы 12 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы жуктургандардын баардыгы оорулуулар менен байланышта болгондор.

«Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун жуктурган 12 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Анын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан болчу”, - дейт саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.

Белгилей кетсек, 7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 228 түздү. Алардын ичинен:

  • Бишкек – 25
  • Жалал-Абад облусунда – 80
  • Ош облусунда – 86
  • Ош ш. – 20
  • Баткен облусунда – 4
  • Нарын облусунда – 5
  • Ысык-Көл облусунда – 3
  • Чүй облусунда – 5