Дагы 14 учур аныкталды. Жалпы саны 568 кишиге жетти

Дагы 14 учур аныкталды. Жалпы саны 568 кишиге жетти

Бүгүн, 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

  • Бишкек ш. – 4
  • Чүй облусу – 2
  • Ош ш. – 4
  • Жалал-Абад облусу - 3
  • Нарын облусу – 1

Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту жугузгандардын жалпы саны 568 кишиге жетти.  

  • Жалал-Абад облусу – 105
  • Ош облусу – 147
  • Ош ш. – 87
  • Чүй облусунда – 32
  • Бишкек ш. – 115
  • Баткен облусунда – 6
  • Нарын облусу – 68
  • Ысык-Көл облусунда – 8
  • Алардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.