Дагы 14 учур! Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар 144 киши болду
Бүгүн, 4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республдикалык штаб кабарлады.
Жаңы жуктургандардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жала-Абад облусунда катталган. Алардын ичинен:
- Бишкек – 1
- Ош облусунда – 5
- Ош ш. – 2
- Джалал-Абад облусунда – 6
Жалпысынан республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын саны 144 кишиге жетти.
- Бишкек – 15
- Ош ш. – 12
- Ош облусунда – 35
- Баткен облусунда – 3
- Джалал-Абад облусунда – 67
- Чуй обсусунда – 6
- Иссык-Куль обслусунда – 2
- Нарын обслусунда – 4
2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. Дагы 6 киши оорудан сакайып чыгышты. 4 бейтаптын абалы оор. 1 киши реанимацияда. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: