Дагы 15 дарыгер. Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 100гө чамалады

Дагы 15 дарыгер. Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 100гө чамалады

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 15 түздү. Бул тууралуу коронавируска карщы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

  • Бишкек шаарында – 3
  • Ош облусунда - 2
  • Ош шаарында – 10

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 98 учур катталды.

Бүгүн, 15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 449 кишиге жетти. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 93
  • Ош облусунда – 130
  • Ош ш. – 71
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 82
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусунда – 34
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.